Интернет эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатат? Расмий жооп

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернет байланыштын маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жаткандыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

«Азыркы тапта магистралдык линиялардын биринде авария орун алды. Ушуга байланыштуу интернет үзгүлтүккө учурап жатат. Интернеттин толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат, ошондой эле жакын арада интернет байланышы кайрадан калыбына келтирилет. Андан тышкары, интернет байланыш менен туруктуу негизде камсыз кылуу үчүн операторлорду резервдик каналдарга которуу иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кыргызстандыктар массалык түрдө интернеттин жоктугуна нааразы болуп жатышкан.