«Эмне үчүн мектептерде китеп жетишсиз, ал эми базарда сатылып жатат?» Министрликтин жообу

Социалдык тармактын колдонуучулары мектептерде окуучуларга китеп жетишсиз болуп жатканын айтып, ошол эле китептердин базарда сатылып, мектептерде жок болуп жатканына нааразы болушууда.

«Бир үй-бүлөдө 4-5 окуучу болсо, ата-эне баарына кантип китеп сатып берет? Мектепте китеп жок дешет, а базарда сатылып жатат»,- деп нааразы болушууда.

Бул боюнча Билим берүү министрлиги СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалымат беришти. «Министрлик окуу китептерин бастырып чыгарып, базарга сатыкка чыгарат, бул аракеттер айрым тараптардын мафиясы, кызыкчылыгы деген имиштер чындыкка дал келбейт. Базарда жана башка жактарда сатылып жаткан окуу китептери автордук мүлктүк укуктарга ээ басма үйлөрү авторлор менен макулдашып чыгарган окуу китептери болушу мүмкүн. Ага Билим берүү жана илим министрлиги тыюу сала албайт. Министрлик «Автордук укуктар жана чектеш укуктар жөнүндө» мыйзамга ылайык өзү ээлик кылган окуу китептерин гана, эгерде аларга муктаждык болсо, конкурс аркылуу сатып алып, муктаж болгон мектептерге акысыз таратып берет. Базарларда жана башка жайларда сатылып жаткан окуу китептеринин жана окуу куралдарынын айрымдары контрафакттык продукция болушу да мүмкүн, аны атайын адистердин жардамы менен аныктоого болот.

Жылдагыдай эле, мектептердин китеп фондусундагы окуу китептери окуучуларга таратылып берилип жатат. 2018-жылга чейин министрликтин буюртмасы менен республикалык бюджеттин каражаттарына басылган бардык китептер окуучуларга акысыз таркатылат. Ал эми 2018-жылдан тартып чыккан жаңы китептер окуучуларга ижарага берилет, бир китептин бир жылдык ижара акысы 25 гана сомду түзөт. Бир китептин колдонуу мөөнөтү – 5 жыл. 2023-жылдан тартып ижара акысынан чогулган каражаттарга жаңы китептер басылып чыгып, мектептерге таркатылат. Бүгүнкү күндө китептердин ижарасынан 140 миллион сомдой каражат чогулган.

Кыргызстандагы демографиялык өсүш, ички миграция да китеп маселесин чечүүгө өз таасирин тийгизип жатат. Республикада 1,3 миллиондон ашуун окуучу бар, чоң шаарларда жана калктуу конуштарда мектеп курагындагы балдардын саны кескин өсүп жатканына байланыштуу нормадан 4-5 эсе көп окуучуну батырууга аргасыз болгон мектептерибиз бар. Ошондуктан мектептердин китепкана фондундагы китептерди максималдуу колдонууга туура келүүдө. Бул абалды жакшы жагына өзгөртүү үчүн бардык мектептердин китеп фондундагы китептердин эсеби электрондук түрдө кыска мөөнөттө толтурулат. Бул бизге мектептерди окуу китептери менен камсыздоо деңгээлине мониторинг жүргүзүп, эртерээк чара көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

Кошумчалай кетсек, министрлик тарабынан учурда китептер менен камсыздоо жаатында инвентаризация жүргүзүлүп жатат. Анын натыйжасында актуалдуулугу жоголгон китептер тизмеден чыгарылып, жаңы сапаттагы китептер колдонулмакчы. Азыркы тапта эл аралык стандарттагы, сапаттуу жаңы китептерди Кыргызстандын стандарттарына ылайыкташтырып алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Мунун негизинде, жакынкы жылдары китептер менен камсыздоо маселеси жөнгө салынмакчы»,- дешти министрликтен.