Эмне үчүн өлкөдө 1-1,5 саатка жарык өчүрүлүп жатат? Расмий жооп

Шоумен Улук Сапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу «Кайсы аймакта жарык өчүп жатат?» деген сурамжылоо жүргүзүп жатат. Постко 400гө жакын адам ой-пикир калтырган. Анда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жарык өчүрүлүп жатканын окууга болот. Колдонуучулардын айтымында, жарык күнүгө 1-2 сааттан өчүрүлүп жатат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кыргызстандын улуттук электр тармагы ишканасынан жарыктын өчүрүлүп жатканы тууралуу маалымат берди. «Учурда электр энергиясын колдонуу көбөйгөндүктөн, электр тармактарына чоң жүк түшүүдө. Авариялык абалдан коргоо жана автоматика прибору өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн иштеп жатат. Энергетиктер 1-1,5 сааттын ичинде электр энергиясын калыбына келтиришүүдө. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы керектөөчүлөрдү электр энергиясын этияттык менен колдонууга жана энергияны көп талап кылган электр шаймандарын эртең менен саат 06:00дөн 21:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин колдонбоого чакырат»,- дешти.