«Окуучуларга эрте айтып коюшпайбы». Депутат «жетекчилерге чара көрүлүш керек» дейт

«Бишкекте 215 миң окуучу бар. Бүгүн баарын азапка салдык». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«Эртең менен окууга барышты, барышса онлайн экенин айтып, кайра үйүнө жиберип жатышат. Кычыраган кышта ата-энелерди түйшүккө салдык. Эмнеге 1 күн мурун, 2 күн мурун эрте айтып койбойсуңар? Тиешелүү жетекчилерге чара көрүлүшү керек. Мындай кайталанбашы кажет», — деди ал.

13-14-декабрь күндөрү өлкө боюнча окуучулар онлайн режимде окушат. Бүгүн, 13-декабрда таңкы убакытта суукта сабакка жөнөп кеткен окуучулардын ата-энелери маалымат кеч жарыяланганына нааразы болушууда. Буга карата министрликтен Билим берүү министри маалымат жыйын берерин жана ошол жерде жооп кыларын билдиришти.