«Эмнеге мурдуң кыйшык?» дегенди угуудан тажадым» дейт пластикалык операциянын курмандыгы болгон кыз

SuperTV телеканалына Бишкектеги клиникалардын биринде пластикалык операция жасатып, бирок жыйынтыгына нааразы болгон кыздар кайрылышты. Бири 170 миң сом, экинчиси 100 миң сом төлөп, учурда күзгүгө каранган сайын ыйлап жатышканын айтышат.

«Эмнеге мурдуң кыйшык?» деген сөздөрдү угуп, тажадым. Көчөдө баскым келбейт. Уктап турганда өзүмдү аябай жаман сезем. Эс албай, башым ооруп, кебетем өзүмө окшошпой калды», — деди ыйлаган кыз.