«Эмоцияга алдырган учурлар болду». Дастан Бекешев Кемпир-Абад маселеси боюнча жыйын кандай өткөнүн айтты

Депутат Дастан Бекешев кечээ, 20-октябрда Кемпир-Абад боюнча президент менен активисттердин жыйынында айтылгандар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбев модератор болгон. Ал эми Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев баяндамачы болушкан.

«Чек ара делимитацияланган жерлерде жашаган жарандардан тышкары активисттер да болду. Делимитацияны кантип жүргүзүү сунушталып жатканын, Кемпир-Абад суу сактагычын кантип биргелешип башкарабыз деп президент түшүндүрүп, көндүрүп, Камчыбек Кыдыршааевич карталарда көрсөтүп берди. Ташиев маал-маалы менен саясий жана жарандык активисттердин билдирүүлөрүн эмоционалдуу кабыл алып, өзгөчө Азимбек Бекназаровдун видеосу тууралуу кеп кылды. Активисттер жыйын кандай өткөнүн буга чейин жарым-жартылай айтып беришти. Бирок менин депутаттык ишмердүүлүгүмдө мындай жолугушуулар болбогонун белгилегим келет. Президенттер жарандар менен чек ара маселесин талкуулаган эмес. Жабык режимде да. Президенттер эл менен жолугушуп турушчу, бирок алар чек ара маселесин козгошкон эмес.

Мен жыйынга 2 жарым саат катыштым. Алгач жарандар тарабынан конкреттүү суроолор берилип, кээде эмоцияга алдырган тон менен суроолор да берилди. Анан кетти: бирөө мактады, бирөө такыр башка суроо менен келди. Мен дагы бир жолугушууга барышым керек болчу жана эмоционалдуу тондо өткөн диалог аянтчасынан акырын чыгып кеттим», — деп жазды ал.