«Эмоцияга алдырганым үчүн кечирим сурайм». Бейшеналиевдин атынан министрлик маалымат таратты

«Эмоцияга алдырганым үчүн кечирим сурайм». Алымкадыр Бейшеналиевдин атынан Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты.

Министрдин айтымында, Бишкектин тургундары үчүн койкалык фонд жетишпейт, бейтаптар узак убакыт бою ооруканага жатууга күтүүнү аргасыз.

«Бир ай мурда биз бул оорукананын корпусун бошотуу боюнча иштерди баштаганбыз. Мэрия клиника менен болгон ижара келишимин бузган. Мен эмоцияга алдырганым үчүн кечирим сурагым келет. Ошол эле учурда көптөгөн жеке ишкерлер мамлекеттик мүлктү көп жылдар бою колдонуп, мамлекетке болбогон акча төлөп келгенине кейийм. Алар мамлекеттик казынага өтө аз акча төлөп келгенине ынанам, антпесе алар бул имараттарга жабышмак эмес. Мен мындан ары да мамлекетке жана Саламаттыкты сактоо министрлигине тийиштүү иштерде ушундай болорумду айтып койгум келет», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Алмазбек Исманкуловдун клиникасы №2 шаардык оорукананын корпусун ижарага алып келген. Бүгүн, 10-мартта министр аталган клиникага барып, анын жетекчиси менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө үч сааттын ичинде бошотуп коюусун айткан.