Эң жогорку балл — 235. ЖРТдан Бишкек шаарынын №70 гимназиясынын бүтүрүүчүсү алдыңкы болду

Бүгүн, 27-июнь күнү ЖРТнын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Быйыл эң жогорку балл — 235. Аны Бишкек шаарындагы № 70-гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:
Бишкек шаары — 35 окуучу;
Ош облусу — 7 окуучу;
Ысык-Көл облусу — 5 окуучу;
Чүй облусу — 4 окуучу;
Баткен облусу — 3 окуучу;
Нарын облусу – 2 окуучу;
Жалал-Абад облусу — 1 окуучу.

24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн.