«Эң кенжебиз болчу». Ысык-Көлдө чөгүп каза болгон 14 жаштагы кыздын эжеси нааразычылыгын айтты

Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» реабилитациялык борбордо 2 кыз чөгүп, бирөөсү каза болгонун жазып чыгышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБ менен байланышканыбызда, окуя «Алтын Балалык» борборунун жанындагы пляжда болгонун билдиришти. «5-августта Ысык-Көл РИИБге Тез жардам кызматынан «Алтын Балалык» эс алуу үйүнүн жанында жайгашкан пляжга эки кыз чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу ошол күнү нарындык 14 жаштагы 2 кыздын көлгө чөккөнүн, дарыгерлер сууга чөгүп кеткен кыздардын бирин аман алып калышып, ал райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат»,  деген

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине каза болгон 14 жаштагы Айзада Кылычбекованын бир тууган эжеси кайрылып, «Алтын Балалык» реабилитациялык борборго нааразачылыгын билдирди. «Айзада быйыл 8-класска көчмөк. Нарындагы Миң-Куш айылындагы уран калдыктарына байланыштуу айылдагы 200дөн ашык баланы эс алдыруу үчүн көлгө алып кетишкен. Эртеси күнү эле көлгө чөгүп каза болгонун айтышты. Менин кызым, 10-класска көчкөн иним да ошол жерде болчу. Кызым мага телефон чалып, Айзада чөгүп кеткенин айтты. Окуя саат 11де болгон экен, бизге кабарды 14:00 чамасында айтышты. Сууга чөккөн жер тайыз эле экен, куткаруучулар жок болгон окшойт. Вожатыйлардан спирт жыттанып турду. Бизге сөөктү соёбуз дешти, биз ага каршы болуп, тосмо арыз жазып бердик. Өлүккананын ичи да жылуу болгондуктан кечке күтүп, сөөктү алып кеткенбиз. Айзада 5 бир туугандын эң кенжеси болчу. Атабыз бир жыл мурда каза болуп калган. Азыр апамдын акыбалын сөз менен жеткирип айта албайм», — деди бир тууганы.

Редакция «Алтын Балалык» реабилитациялык борборунун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев менен байланышканыбызда, нааразычылыкка төмөндөгүдөй жооп берди. «Ал күнү борбордо иш-чара өтүп жаткан. Көлдө толкун болуп жатканынан, сууга түшүүгө тыюу салганбыз. Ошол учурда баарыбыз, мен дагы, орун басарым, куткаруучулар, милиция ошол жерде болчу. Сууга 4 кыз чөккөн экен. Ары жакта жергиликтүүлөр түшүп жаткан жерге барып, түшүп жатышкан экен. Бир маалда эле алар кыйкырып, кыздардын чөгүп жатканын айтышты. Барып, 3 кызды алып чыгып, төртүнчүсү да бар экенин кийин билдик. 3 кызга биринчи жардам көрсөттүк. Вожатыйлардын мас экенин көргөн, билген да жокмун. Биз кыздарды куткаруу менен алек болуп жүрдүк. Эртең мененки саат 10до болушу мүмкүн эмес. Мен азыр дагы муну айттым, алар таң калып жатышат. Мен 35 жылдан бери медицина тармагында иштейм, каза болгон адамдын жакындарына кантип, кайсы учурда угузуу керектигин билем. Этикага салып угуздук. Туугандарына көлдө чөккөн жерин көрсөттүк. Алар доосу жок экенин айтышты», — деди ал.