«Эң керек мыйзам долбоору». Мамлекеттик катчы ысырапкорчулукту чектөө боюнча мыйзам тууралуу үн катты

«Эң керек жана учурдун талабына үндөш мыйзам долбоор». Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиевдин коомдук талкууга коюлган «Кыргызстандагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө» мыйзаам долбооруна карата пикирин жазды.

«Элдин пикирин угуп, эске алуу жаатындагы жигери өтө жакшы болду. Эмдигиче көксөөнү көтөргөн, көкүрөктөн чыкпаган, Көкөтөйдүн ашын берген кыргыздарга «үчүлүккө, жетиликке, кыркына, ашына тыюу салынат» деген берене депутаттар долбоорду талкууга койсо дагы, коомду бир топ бушайманга салды. Ансыз да үчүлүк, жетилик дээрлик өткөрүлбөй эле үй-бүлөдө куран окулуп калды», — деп жаран катары өз пикирин соцтармактарга жазган мамлекеттик катчы таптакыр эле мыйзам менен тыюу салууга каршы экендигин кошумчалады. Анын пикиринде маркумдун кыркын дагы, ашын дагы уялаш туугандар менен үй-бүлөнүн алкагында жыт чыгарып, майда жандык (кой) чалып өткөрүш керек. Сөөк ээлеринин каражаты ашып ташып жатса, ошол эле көрүстөнгө барчу жолду салууну, чет чыргасын иреттөөнү, көктөндүрүүнү сунуштап «Сообу эселенип тиет эле да» деген пикирин калтырды.

Ал сунушталган чектөөлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорун толугу менен колдоого алууга чакырды.