«Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагын 1-Май жана Кара-Буура жеңип алды

Вице-премьер Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Ал пандемия маалында айыл өкмөттөр чоң милдеттерди аткаргандыгын айтты. Өлкө аймагы боюнча мыкты деп табылган 6 айыл өкмөткө берилген байгенин жалпы суммасы 6 миллион сомду түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өбөлгөлөө максатында өткөрүлгөн «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын катышуучулары эки топко бөлүнүп, анын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

Биринчи топтун жеңүүчүсү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү, экинчи топтун жеңүүчүсү Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү болду. Эки жеңүүчүгө тең бир миллион беш жүз миң сомдук байге фонду ыйгарылды.