«Эң башкысы шарф менен мээлей бар». Бишкекте ак кардын астында теги африкалык жигит жарым жылаңач басып жүрөт

Социалдык тармактарда Бишкектин суугунда, аппак кардын астында теги африкалык жигиттин жарым жылаңач басып жүргөн видеосу тарады.

Видеодон жигиттин шорта, колуна мээлей кийип, шарф оронуп алганын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, алар бул окуяга Байтик Баатыр менен Москва көчөсүндө туш болгонун айтышкан. Азырынча ал адамдын эмне үчүн жарым жылаңач жүргөнү белгисиз. Видео коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. Айрымдары бул Африка эмес, Кыргызстан экенин жазып жатышса, кээ бирлери тамаша иретинде эң негизгиси колунда мээлейи, мойнунда шарфы бар экенин жазышууда.

Бүгүн Бишкекте аба ырайы кескин өзгөрдү. Түнү жааган кар түштө басылды. Абанын температурасы болжол менен 7-8 градуска чейин төмөндөдү.