Бишкекте энелердин мыктысын аныктоо боюнча сынак өттү (видео)

Кечээ, 26-декабрда Бишкекте «Жылдын энеси» жана «Жылдын айымы» сынактары болуп өттү. Сынак боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова айтып берди.

Маалыматка караганда, эки сынактын жеңүүчүлөрүнө Түркияга жолдомо тапшырылган. «Жылдын энеси» сынагына 16 эне, ал эми «Жылдын айымы» сынагына 6 айым катышты. Даярдануулары, жалпы сынактын жүрүшү жогорку деңгээлде өттү. Эң улуу эне 78де, ал эми эң жашы 39 жашта болду. Ал эми эң улуу айым 60 жашта болду. Ошол айым сынакты жеңди. «Жылдын энеси» сынагын жеңген эне кыргыздын улуттук каада-салттарын унутпайлы деген негизде өз өнөрүн көрсөттү. «Жылдын энеси» сынагын Атыркүл Албаева, ал эми «Жылдын айымы» сынагын Чолпон Өмүрбекова жеңди», — деди ал.