Эндрю Качинс өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду

Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу ИИМге таянып, Kaktus.media жазды.

Эскерте кетсек, 23-апрелде ИИМдин тергөө кызматы Эндрю Качинсти суракка чакырган. Милиция кызматкерлери ага таандык «Лексус 350» үлгүсүндөгү унааны тинтишкен.

Качинске «Баңгизаттарын жана психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталып жатканы тууралуу кабарлама берилген.

12-мартта Качинстин атына Дубайдан посылка келип, анын ичинде сары жана ак түстөгү дарылар, ошондой эле кызыл-ак түстөгү капсулалар болгон. Качинс бул медикаменттер аныкы экенин мойнуна алган менен аларга тиешелүү документти көрсөтө алган эмес. Экспертиза булар психотроптук зат деген корутунду чыгарган.