Эне-баланы коргоо борборунда бөйрөк алмаштырган беш операция жасалды

doctor and nurse medical team are performing surgical operation at emergency room in hospital. assistant hands out scissor and instruments to surgeons during operation.

Бүгүн, 6-мартта Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, ал жердеги трансплантология бөлүмүнүн иши менен таанышып, операцияларды жасоо шарттарын көрдү.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бүгүн кезектеги кишиге туугандык донордун бөйрөгүн трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү өттү. Бул борбордо жасалган 65-трансплантация.

Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо тармагында оң тенденция байкалууда. 2024-жылы операциялардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 36,4 пайызга өсүп, жылына 22 трансплантацияга жеткен.

2025-жылдын башынан бери беш операция жасалган. Операциялардын санын көбөйтүү трансплантологияны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясынын жана бюджеттик каржылоого өтүүнүн аркасында мүмкүн болду.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда туугандык донордон трансплантациялоо жасалат, анда донорлор көбүнчө 30 жаштан 40 жашка чейинкилер.