Эне жана баланы коргоо борбору тез жардамга муктаж балдарды кабыл алат

Балдарга стационардык деңгээлде ыкчам медициналык жардам көрсөтүү максатында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын кыска мөөнөткө жатышы үчүн керебеттери бар амбулатордук диагностикалык бөлүм уюштурулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Бүгүн, 11-ноябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев амбулатордук диагностикалык бөлүмдүн иши менен таанышты. Мындай жол менен балдарга тез медициналык жардам көрсөтүү системасы (жаак-бет аймагынын, көздүн, ЛОР органдарынын патологиясынын биринчи баскычында) өркүндөтүлөт жана балдардын стационардык деңгээлде медициналык жардамга жеткиликтүүлүгү камсыз кылынат.

Ошондой эле иш профилинин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы имараттарды жана медициналык жабдууларды инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тез медициналык жардам көрсөтүү кызматын ачууга каржылык каражаттарды бөлөт. Эми Эне жана баланы коргоо улуттук борбору тез арада ооруканага жаткырууга муктаж бейтаптарды график боюнча тез медициналык жардам кызматы аркылуу кабыл алат.

Күзгү-кышкы курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо мезгилин эске алып, Бишкек шаарындагы балдар ооруканаларына бейтаптардын көп агымы байкалган учурда, министр Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кыска убакытка жатуу үчүн керебеттери бар кошумча амбулатордук диагностикалык бөлүм уюштурууну тапшырды.