Эне жана баланы коргоо борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Маймерова Гүлзат Шаршенбековна Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гүлзат Маймерова буга чейин Эне жана баланы коргоо борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары кызматында иштеп келген.

Ага чейин Эне жана баланы коргоо борборун Камчыбек Узакбаев жетектечү.