Кыргыз Республикасында трансплантологияны өнүктүрүү саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калууда. Мамлекеттик колдоонун жана ата мекендик адистердин жогорку кесипкөйлүгүнүн аркасында жогорку технологиялык операциялар бүгүнкү күндө өлкө ичинде ийгиликтүү жүргүзүлүп, жарандардын чет өлкөгө чыгуу зарылдыгын азайтуу менен өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Кечээ, 26-мартта Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) борбордун дарыгерлери тарабынан 29 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөк трансплантациялоо операциясы жасалды. Операция акысыз негизде аткарылды.