Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү 6-августка чейин жабылат

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү 6-августка чейин оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Жаңы Перинаталдык борбордун имаратын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Клиникалык төрөт үйүнө кошуу максатында жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу 6-августка чейин жабылат. Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрү жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү Бишкек шаарындагы кош бойлууларды, төрөт учурундагы, төрөгөн аялдарды бекитилген графикке ылайык кабыл алууну камсыздайт.