«Энеке, ысык наныңызды сагынабыз». Марипов куттуктоо менен апасынын сүрөтүн жарыялады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 16-майда Энелер күнүнө карата соцтармактагы баракчасы аркылуу куттуктоо жазды.

«Бейиш энелердин таманында. Баарыбызга өмүр берип, бул жарык дүйнөгө алып келген эң ыйык адам – энелер. Бала үчүн эненин мээриминдей мээр, эненин жүрөгүндөй жүрөк жок. Эненин сүйүүсү бардык балдарына жетет. Пайгамбар жашынан ашкан баласын да “садагам, балам” деп турган апаларыбызды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, телефон чалып, үйгө барып кучактап бетинен өөп, жакшы маанай тартуулаганга баарыңыздарды чакырам. Ар бир бала энесине сыймык алып келсин.
Сүйүктүү апалар, сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм, бекем ден соолукта болуп, узак жашаңыздар. Жашооңуздар бактылуу ирмемдерге толуп, дайыма алкап турган жүзүңөрдө жылмаюулар болсун. Үйүбүздүн куту, берекеси энелер, ар дайым бакыттын төрүндө болуңуздар.
Энеке, биз сиздин ысык наныңызды дайыма сагынабыз. Биз сизди абдан жакшы көрөбүз», — деп жазган Улукбек Марипов.