Энелер күнүнө карата кызыктуу статистика

Президентинин жарлыгы менен 2012-жылдан тартып Энелер күнүн белгилөө бекитилген, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Улуттук статистика комитети майрамды утурлай сандар жана фактылар менен бөлүштү.

Республикада 2023-жылдын 1-январына карата 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарын эске алуу менен 3 миллион 357 миң аял бар же алар калктын жалпы санынын 50,6 пайызын түзөт. Мында шаар жерлеринде 1 миллион 286 миң аял (алардын жалпы санынын 36% дан ашыгы), айыл жерлеринде 2 миллион 271 миң аял (дээрлик 64%) жашаган.

2022-жылы республикада 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял эне макамына ээ болушкан. Биринчи баласын төрөгөндөгү энелердин орточо жашы 23 жаштын тегерегин түзөт. Биринчи баласы төрөлгөндө жашы 21-22 жашты түзгөн эң жаш энелер Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат.

Аялдардын 27 пайызга жакыны биринчи жолу, ал эми 35 пайызга жакыны же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушат. 13 пайызга жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болушат.

2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөгөндөрдүн саны азайганы байкалган. Алсак, 2021-жылы 1244 эгиз (2020-жылы — 1436) жана 7 үч эм (2020-жылы — 14) төрөлгөн. 2000-жылдан бери өлкөдө төрөттүн өсүшү байкалган. 15-49 жаштагы 1 аялга орто эсеп менен 3 бала туура келет.