Энергетик: «Электр энергиясынын тарифин көтөрүү керек, керектөө жогорулап жатат»

Бул жыл электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөрсүз жана чектөөлөрсүз өтөт, бирок кийинки жылы оор болот. Бул тууралуу бүгүн “Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ишканасынын директору Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн электр энергиясын үнөмдөгүлө деп коңгуроо кагуусу бекеринен эмес. “Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычы сууну аз топтоду. Кийинки жылы кандай болору белгисиз. Суу аз болуп калса, анда керектүү көлөмдү иштеп чыгууга гидроэнергетикалык ресурс жетишсиз болуп калат. Жарыкка болгон тарифти да жогорулатуу керек. Себеби электр энергиясына болгон керектөө жогорулап жатат. Коңшу өлкөлөр деле тарифти көтөрүшкөн”, — деди ишкананын башчысы.