Энергетика министри Бишкектеги жарыгы өчүп калган үйгө барды (видео)

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкектеги жарыксыз калган үйгө барды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-январь күнү кечинде колл-борборго Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан үйдө авариялык электр жарыгы өчүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган топ авариялык өчүрүүгө кабель чубалгысынын бузулушу себеп болгонун аныкташкан. Министр Таалайбек Ибраев кырсык болгон жерге барып, үйдүн жашоочулары менен жолугуп, адистерге бузулган кабелди тез арада калыбына келтирүүнү тапшырды.

Саат 00:30да үйдүн жашоочуларына электр энергиясы калыбына келтирилген.