Энергетика министри: «Биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн 11 тыйын олуттуу сумма эмес»

«Биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн 11 тыйын олуттуу сумма эмес». Бул тууралуу электр энергиясына болгон тарифтин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу түшүндүрмө берип жатып энергетика министри Таалайбек Ибраев соцтармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүдө жазды.

«Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга Тарифтик саясаттын орто мөөнөттүү стратегиясына ылайык электр энергиясына тарифти жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүү каралган. Ушул жылдын 1-майынан баштап жогорулатуу 10,8 пайызды же 11 тыйынды түздү. Жыл сайын жогорулатуу боюнча чаралар акырындык менен электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды керектөөчүлөр үчүн тарифтерге теңдештирүү зарылдыгы менен шартталган.

Өткөн 2023-жылы электр энергиясынын бир кВт/с өздүк наркы 2,41 сомду түзгөн, мында калк керектөөчүлөр үчүн тариф 1-майга чейин 1 сомду түзгөн. 700 кВт/саатка чейин коюлган градацияны эске алуу менен тартыштык орточо алганда, 1,34 тыйынды түзөт. Ар бир колдонулган кВт/саат электр энергиясы көйгөй жаратып, ал жыл сайын тездик менен топтолуп келе жатат. Күз жана кыш мезгилдериндеги чоң күч келгенде жабдууларды даярдоого кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн Министрлер кабинети бюджеттен бөлүп берет.

Тарифтерди акырындык менен жогорулатууну азыртан баштабасак, бир нече жылдын ичинде электр энергиясынын өздүк наркына тең келтирбесек, анда энергетика системасынын негизги жабдууларынын толук иштен чыгуу коркунучу пайда болот. Экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон тармак колдоого муктаж. Керектөө жыл сайын 9-10% га өсүп, ал эми жаңы кубаттуулуктар киргизилген жок. Баарыбызга белгилүү болгондой, азыркы учурда энергетика тармагында электр энергиясынын тартыштыгы жыл сайын 3,5 млрд. кВт/саатты түзөт.

Биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн 11 тыйын олуттуу сумма эмес деп ойлойм. Социалдык коргоого муктаж болгондор үчүн 1 кВт/с — 55 тыйын болот. Ал эми бийик тоолуу райондордо 700 кВт/с чектөө жок. Бул райондордун жашоочулары 1 сом 11 тыйын төлөшөт», — деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.