Энергетика министри: «Электр станциялары күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болуш керек»

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов иш сапарлары менен түштүк ГЭСтеринде болуп, алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө депутат Кундузбек Сулайманов жана министр Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСинин №2 гидроагрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушуна инфраструктураны даярдоонун жүрүшү, ошондой эле компаниянын объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоосу менен таанышты.

«№2 курулушу бүтө элек транспорттук тоннелдин жана Бишкек-Ош унаа жолунун Камбар-Ата ГЭСинин №2 уячасына чейинки курулушунун жүрүшү менен таанышып, министр тоннелдин курулушун сапат стандарттарын жана мөөнөттөрүн сактоо менен тездетүүнү тапшырды. Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен таанышып, Камбар-Ата ГЭСинин №1 уячасынын аймагындагы оң жана сол жээктердеги иштерди тез арада баштоону тапшырышты. №2 гидроагрегатынын реконструкциясынын жүрүшү менен таанышуу максатында министр Токтогул ГЭСине барды. Иш сапардын жыйынтыгында «Электр станциялары» ААКка аткарылган иштердин сапатын дыкат көзөмөлгө алуу жана реабилитациялык иштердин шарттарын сактоо тапшырылды»,- дешти.

Андан ары, министр Шамалды-Сай ГЭСинин абалы, №1 гидроагрегатты оңдоонун жүрүшү менен таанышты.