Энергетика министри ЖЭБдин күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшүн текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек Жылуулук электр борборунда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө министр турбиналык жана отказан цехте жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министр ишкананын жетекчилиги жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Ал ишкананын жетекчилигине оңдоо иштерин тездетүүнү жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кызматкерлер менен тыкыр иштерди жүргүзүүнү, мекеменин жетекчилигине конкреттүү тапшырмаларды берип, 2024/2025-жылдардын кышкы мезгилин ийгиликтүү аяктоо жана Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүүлүк менен камсыздоону уюштурууну тапшырды.