Энергетика министри кышында жарык 1,5-2 саатка өчүшү мүмкүн экенин айтты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев журналисттердин «кышында өчүрүүлөр болобу?» деген суроосуна жооп берди.

Анын айтымында, өчүрүүлөр болбойт, бирок жөнгө салуу иш-чаралары болот.

«Жүктөм көбөйүп кеткенде жөнгө салуу иш-чаралары болот. Ал 1,5-2 саат болушу мүмкүн. Биз аны кылганга мажбурбуз. Эгер биз трансформаторду иштен чыгарып алсак, бизди прокуратура камайт. Бир жарым сааттын ичинде үй муздап кетпейт», — деди ал.