Энергетика министри өлкөдө энергодефицит болбой турганын айтты

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

“Кыргызстанда энергодефицит болбойт. Болгону үнөмдөгүлө деп жатабыз”, — деп жазды энергетика министри Таалайбек Ибраев соцтармактагы баракчасына.

Ал мамлекет кышкысын жылдагыдай эле кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон импорт алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берерин белгиледи.

“Ортодогу айырма кайра эле НЭСКтин моюнуна карыз болуп үйүлүп жатат. Ошондуктан Президентибиз “Импортту болушунча азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула” деп тапшырма койгон.  Эмдиги жылы карыздан толук кутулабыз. Кирешеге чыга баштайбыз”, — деп жазган министр.

Анын айтымында өлкө 2028-2029-жылдары кышта импорт албоону пландап жатат.