Royal
SerepTV Logo

Энергетика министри соңку авария кайталанса, эмне болорун айтты

Энергетика министри соңку авария кайталанса, эмне болорун айтты
"Эгерде соңку авария кайталанса, анда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард метр кубдан ылдыйлап кетиши мүмкүн". Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев кечээ, 26-январда парламенттин жыйынында билдирди. "Сезондун аягында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард метр кубдун тегерегин түзүшү мүмкүн. Туруктуу көлөмдө импортту улантсак, анда 8 миллиард метр кубдан жогору да болушу ыктымал. Эгерде соңку авария кайталанса, Түркмөнстандын газогенерациясына басым ылдыйласа, анда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард метр кубдан ылдыйлап кетиши мүмкүн. Биз кийинки жылды да ойлонушубуз керек", - деди министр. Буга чейин 2022-жылдын жаз мезгилинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард метр кубга чейин ылдыйлашы мүмкүндүгү айтылып келген. Бул чекте электр энергиясынын өлкөдөгү башкы булагы болгон Токтогул ГЭСи иштей албай калат. Бүгүн, 27-январга карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 миллиард 230 миллион метр кубду түзөт.