Энергетика министрлиги: Келишим боюнча Бишкекте үйдөгү жылуулук +18 градусту түзөт

Бүгүн, 20-февралга карата Бишкек шаарынын ЖЭБи 280 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу, Бишкек шаарынын ЖЭБинин активдүү кубаттуулугу «Бишкек жылуулук тармагына» берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +56 градусту түзүүдө. Ал эми «Бишкек жылуулук тармагы» менен түзүлгөн абоненттик келишимге ылайык, үй-жайлардагы температура +18 градусту түзөт.

Сиздин үйүңүздөгү температура +18 градустан төмөн болсо, анда «Бишкек жылуулук тармагынын» колл-борборуна кайрылып, билдирме калтырыңыз, анын негизинде жылуулук жана ысык сууга кайра эсептөөлөр жүргүзүлөт. Кээ бир жерлерде жылуулук толук жетпей жаткан болсо, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурашат. Шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн бардык райондордо 14 бригада тынымсыз иштеп жатат. Бардык текшерүүчүлөр да ишке тартылган. Арыздар боюнча кызматкерлер тарабынан каралып, актылар түзүлүп жатат.

Бүгүнкү күнү ЖЭБдин жүктөмдүн активдүүгү акырындык менен жогорулайт. Натыйжада берилген ысык суунун температурасы дагы жогорулайт. Бишкек Жылуулук электр борборундагы жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу кызматкерлер күнү-түнү жеринде болуп, жабдыктар бузулган учурда техникалык иштерди ыкчам жүргүзүүдө.⠀

Жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу боюнча авария же суроолор болсо, бул жерге жазыңыз же телефон чалыңыз: (0312) 61-11-69, 1980; 0557 611166; 0777 611166; 0701 611166.
Диспетчердик кызмат: 56-85-58;
Борбордук аймактагы ички үй тармактары боюнча нөөмөтчү инженерлери: 36-57-19, 30-07-67.
Түштүк аймактагы ички үй тармактары боюнча нөөмөтчү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.