Энергетиктер Казакстан Токтогулдан сууну кандай шарт менен алганын түшүндүрүштү

Улуттук энергетикалык холдинг Казакстан менен товар алмашуу боюнча маалымат берди. Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу энергетикалык компаниялары менен 2021-жылдын март айында электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган. Бул суу ресурстарын сактоо жана Токтогул суу сактагычын терең кургатууга жол бербөө үчүн жасалган.

«Жайкы мезгилде жетишилген келишимге ылайык, Токтогул ГЭСинен суу чыгаруу иштери жүргүзүлүп, кыш мезгилинде электр энергиясы түрүндө кайтарылат. Жалпысынан «Электр станциялары» ААК менен Казакстандын энергетикалык компаниясы 2021-жылдан 2023-жылга чейин алынган электр энергиясын кийин кайтаруу менен 900 миллион киловатт-саат көлөмүндө электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту», — деп айтылат маалыматта. 

8-декабрга карата Казакстандын энергетика системасынан электр энергиясын өз ара берүүлөрдүн алкагында 616,4 миллион киловатт-саат электр энергиясы алынган.