Энергетиктер электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат

Электр энергиясын үнөмдүү колдонууңуздарды өтүнөбүз. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ​​ишканасынын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

«Бүгүнкү күндө жалпы өлкө аймагында электр жабдуулары ашыкча күч менен иштеп жатат. Мүмкүн болсо, подъезддеги, жуунуучу бөлмөдөгү, ашканадагы колдонбогон электр жабдууларын, жарыктандыруучу приборлорду өчүрүп коюңуздар. Сиз электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу менен үй-бүлөлүк бюджетке пайда алып келесиз! Күнүгө эртең менен саат 08:00дөн 09:00гө чейин, кечкисин саат 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясын көп керектөөчү жабдууларды колдонбоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.