Энергетиктер Ысык-Көлдө корпоративди эстрада жылдыздары жана фейерверк менен белгилешкен видео тарады.
Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарында энергетиктердин республикалык спартакиадасы болуп өткөн. Анын аякташына утурлай салтанаттуу кече уюштурулган. Айрым маалыматтарга караганда, ресторанда өткөн корпоративдик кечеде эстрада жылдыздары Гүлзада Рыскулова, Мирбек Атабеков, Рыскелди Осмонкулов жана башкалар ырдашкан. Фейерверк менен кече соңуна чыккан.
Маалым болгондой, спартакиадага «Түндүк электр» ААК, «Электр станциялары», «Улуттук энергетикалык холдинг», «Бишкек жылуулук» ишканаларынын кызматкерлери катышкан. Видео боюнча Энергетика министрлигинен үн катыша элек.











Эмне демекпиз куттуктайбыз 🥳