«Энеси баласын кучактаган бойдон жан бергенин көргөндө, адам чыдап тура албайт» дейт Түркиядан келген куткаруучу

Ушул жылдын 6-февралында Түркияда катуу жер титирөө катталып, анда миңдеген адам каза болду. Дал ушул апаатта түрк элине бир катар мамлекеттен куткаруучулар тартылган. Алардын катарында Кыргыз өлкөсүнөн барган куткаруучулар 8 жанды тирүү куткарып, 198 жансыз денени уранды алдынан алып чыгышкан.

«Көзгө жаш ала турган оор жагдайлар албетте болду. Биз чогуу иш алып барып жатып, 22 жаштагы келинди тирүү таптык. Ага чейин ошол жерден жансыз денелерди таап жатканбыз. Урандынын алдынан кишинин үнүн укканда башкача болдум. Баарын жыйыштырып, ошол жакты издей баштадык. Курсагындагы бала да эч нерсе болбоптур. 2 күндөн кийин байланыштык», — деди куткаруучуларды бири.

«Ар бир тирүү адамды алып чыгып жатканда көзгө жаш келип жатты. Ал эми балдардын аябай көп каза болгону көзгө жаш алдыртты. Зилзала адамдар уктап жатканда болгон да. Энесинин баласын кучактап жаткан бойдон каза болгондорду көрүп туруп, ал жерде адам чыдап тура албайт», — деди ал.