English апаке деп таанылган өзгөндүк келин: «Тил билет экенсиз, Америкага кетпейсизби дешет»

Барчынай Өмүрбек кызы Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында жашайт. Барчынайды көпчүлүк ТикТок платформасында англис тилин үйрөтүүчү катары тааныйт. «Англис тилин Америкада эмес, айылда деле үйрөнсө болот» деген анын үйүнө барып, маектешип келдик.

«Коңшу айылдагылар да тил үйрөнүүгө келишет. Бирок азыр күндүн ысыгын, жол коопсуздугун эске алып, аларды келбей турууну сурандым. Азыр кошуналарым келет. Мага айтышат «тил билет экенсиз, Америкага кетпейсизби, шаарда жашабайсызбы» деп. Жолдошум мага шаардыкындай шарт түзүп берди. Англис тилинде Америкада эле эмес, айылда да сүйлөсө болот»,— деди ал.