Эпидемиологиялык кырдаалдан улам бир катар эл аралык аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.
Төмөнкү эл аралык каттамдар токтотулду:
«Авиа Траффик» аба компаниясынын:
- Бишкек-Воронеж-Бишкек каттамы ушул жылдын 3-апрелинен 25-апрелине чейин;
- Бишкек-Грозный-Бишкек каттамы 30-марттан 6-апрелге чейин;
- Бишкек-Иркутск-Бишкек каттамы 1-апрелден 29-апрелге чейин;
- Бишкек-Казань-Бишкек каттамы 5-апрель;
- Бишкек-Краснодар-Бишкек каттамы 2-май;
- Бишкек-Красноярск-Бишкек каттамы 30-март;
- Бишкек-Новосибирск-Бишкек каттамы 32-марттан 2-апрелге чейин;
- Бишкек-Сургут-Бишкек каттамы 3-апрель.
Ошондой эле «China Southern Airlines» авиакомпаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамы боюнча учууларын өзгөчө көрсөтмөгө чейин токтотту. «Air Astana» дагы Алматы-Бишкек-Алматы каттамы боюнча айрым рейстерди убактылуу токтотту.
Керектүү маалыматтарды жана каттамдарды «Манас» эл аралык аэропортунун сайтынан карап туруу сунушталат. Ошондой эле аэропорт билет сатуу жана аны жөнгө салуу иштери менен алектенбей турганын эскертти.