«Эптеп эле салып коюшкан». Нарында жасалып жаткан тротуардын сапатына көңүл бурууга чакырды

Нарын шаарынын тургундары жаңы салынып жаткан Жумамүдүн Шералиев көчөсүндөгү тротуардын сапатын көрсөтүп, тиешелүү органдарды анын көңүл бурууга чакырууда.

Социалдык тармакта тараган видеолордо алар тротуарлар кыйшык экенин жана таштардын үстүнө эле асфальт бастырып коюшканын көрсөтүшкөн.