Эрбол Султанбаев: “Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот”

Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Бирок сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат.

Мунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, мыйзамга ылайык, Баткен облусундагы 14-17-сентябрь күндөрүндөгү окуялар тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандыгына байланыштуу, хостинг провайдер тарабынан сайттын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Мыйзам катаал, бирок мыйзам деген мыйзам”, — деп жазды ал.