Эрбол Султанбаев: «MegaCom жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт»

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин “Альфа Телеком” ЖАК боюнча комментарий берди.

“Мамлекеттик уюлдук байланыш оператору “Альфа Телеком” ЖАК байланыштуу кырдаал боюнча бир аз түшүндүрмө бергим келет (азыр жаңы MEGA соода маркасы менен иштеп, ребрендингге чейин MegaCom деген ат менен белгилүү). Учурда Жогорку Кеңеште 2023-2025-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы талкууланууда. Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине MEGA да киргизилип, мындан улам ал толук баалоодон өткөн. Бул эмнени билдирет? Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт. Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө”,- деди ал.