Эрбол Султанбаев: «Өзгөн тургундарына Кемпир-Абад боюнча кеңири маалымат берилүүдө»

Президент Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек ара, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын маселелери боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилүүдө. Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. «Мамлекет башчысы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат» делип тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилүүдө.