Президент Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келген. “Ынтымак Ордодо” сүйлөшүүлөр башталаар алдында эки өлкө лидерлеринин кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. Андан соң Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган чакан курамдагы сүйлөшүү залына өтүштү.
«Ата-журтума келгениме кубанычтамын» деди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүү учурунда.