Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 6-июлда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды чакырууну пландаштырууда. Бул тууралуу Kaktus.media өз булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, министрлик элчиге Түркиянын президент Режеп Тайип Эрдогандын кыргызстандык Орхан Инандынын кармалышына байланыштуу билдирүүсүнө түшүндүрмө сураган нота тапшырууну көздөп жатат. «Ал кайда, качан жана кандай шартта кармалгандыгын билишибиз керек», — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда, Ооганстандагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйыны Бишкекте саат 10:00-11:00дө башталууга тийиш. Алар ошол жыйында Эрдогандын билдирүүсүн талкуулашы мүмкүн. Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек. Айрым маалыматтарга караганда, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коронавирус инфекциясы менен ооруп жатат.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.









