«Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрүү пункттарында бажы кызматкерлери күнү-түнү иштейт

Мамлекеттик бажы кызматы 1-марттан тартып «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункттарында бажы кызматкерлери жумасына 7 күн күнү-түнү кызмат өтөй баштаганын билдирди.

«Торугарт-автожолу» жана «Эркечтам-автожолу» өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Торугарт» өткөрүү пунктунда бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулду, анда бир эле учурда алты унаага карата бажы контролу жүргүзүлүшү мүмкүн.

«Ачык-айкын эсепке алууну камсыз кылуу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарында мамлекеттик номурларды окуу үчүн камералар орнотулуп, борборлоштурулган мониторинг жүргүзүүнүн аппараттык-программалык тутумдарын интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бизнес-процесстерди оптималдаштыруу максатында «Санарип тамга» долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди, анын ичинде алдын ала маалыматтарды берүү үчүн жаңы портал, ошондой эле чек арада контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн маалыматтык тутум ишке киргизилди», — дешти.

Бажы кызматкерлеринин күнү-түнү иштөөгө өтүшү, инфраструктураны жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле бажы процесстерин автоматташтыруу өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт.