Эркектерди ала качууга уруксат сурап, ажого кайрылган кыз: «Уулун сунуштагандар болду»

Ажого кайрылуу жасап, жакшы көргөн эркекти ала качууга уруксат сураган кыздын видеосу коомчулукта талкууга түштү. Айрымдары кайрылууну туура көрсө, айрымдары ТикТокчуну сынга алышууда. «Кара далы атка конуп калдык» деген интернет жылдызы менен маек төмөндө.

«Видео чыккандан кийин кайдан ушул видеону тарта салдым деген өкүнүчтөр болду. Бирок катталуучуларым «бирөөнүн оюна көңүл бурбай эле кой» дешти. Мени көчөдөн тааныгандар болуп жатты. Айрымдары уулун сунушташты»,- деди ал.