Бүгүн, 18-фервалдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитетинин отурумунда эл өкүлү Бакытбек Марипов Валентин күнүн майрамдоого тыюу салууну сунуштады.
«Тарыхтан алганда, бул күн эркектин эркекке болгон сүйүүсүн чагылдырган майрам экен. Бул жийиркеничтүү. Өзгөчө мектептерде катуу белгилешет. Ушул майрамга тыюу салыш керек», — деди Марипов.
Ал ошондой эле 23-Февраль, 8-март, Жаштар күнү, Студенттер күнү деген майрамдарда акча чогултуларын, андыктан билим берүү мекемелеринде буларга тыюу салуу керектигин билдирди.