Эркин Рыскулбеков: «Ынтымак» партиясынын курултайына конок катары бардым»

27-февраль күнү Бишкек шаардык кеңешине шайлоого аттанган партиялардын бири “Ынтымак” партиясынын кезексиз курултайы өтүп, анда партия менен шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин тизмеси жана партиянын программасы жарыяланды. Курултайга барган аттуу-баштуулардын ичинен журналист, жарандык активист Эркин Рыскулбековдун “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү Марлен Маматалиевдин жанында турган сүрөтү тарап, коомчулукта суроо пайда кылды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Рыскулбековдун өзү менен байланышып, “Сиз “Ынтымак” партиясы менен бирге жергиликтүү кеңештерге аттанып жатасызбы?” деген суроо узаттык.

Журналист аталган партиянын курултайына конок катары барганын, шайлоого аттанбай турганын билдирди. “Жакын таанышым конок катары чакыргандыктан, партиянын курамын, программасын угуп, таанышуу үчүн бардым. Ал партия менен эч кандай саясатка аттанбайм. Башка партиялар деле конок катары чакырса, алардын да программасын угуп-таанышуу үчүн барам”, — деди Рыскулбеков.

Эркин Рыскулбеков коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырыктарды жасап келген журналист жана жарандык активист.

Марлен Маматалиев болсо, Кыргызстанда ири коррупционер катары таанылган Райымбек Матраимовдун “Мекеним Кыргызстан” партиясынын көрүнүктүү өкүлү катары өткөн жылы парламенттик шайлоого катышкан адам.