Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды

Абдралиева Гүлмира Курманбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Осоев Эркинбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды.