Эрнст Акрамовдун ысымы Чүй облустук ооруканасына берилди

Эрнст Акрамовдун ысымы Чүй облустук ооруканасына берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлиги Эрнст Акрамовдун хирургиялык практиканы жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын жана жетишкендиктерин хирургиянын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизгенин белгилейт.

«Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги кесипкөйлүктүн жана медициналык практиканын жогорку сапатынын үлгүсү болуп саналат»,- деп айтылат маалыматта.

Мындай чечим Министрлер кабинетине караштуу Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынган.