Эртеңден тартып кадимки режимде окуу башталат. Мектептерди дезинфекциялоого 185 миллион сом бөлүндү

11-ноябрдан тартып мектептерде кадимки режимде окуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.

Маалым болгондой, өлкөдөгү 1 миң 489 жалпы билим берүү уюмдарынын 1-2-3-4-5-6-9-11-класстагы окуучулары үчүн кадимки окуу режими жанданат.

Аймактар боюнча бөлүп караганда:

Нарын облусунда – 142;

Жалал-Абад облусунда – 220;

Баткен облусунда – 177;

Ош облусунда – 434;

Ысык-Көл облусунда – 160;

Талас облусунда – 77;

Чүй облусунда – 279 мектеп окууну жандантат.

«Эки апта бою кадимки режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы кадимки режимде окууга уруксат берилет», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан, республикалык штаб жана Саламаттыкты сактоо министрлиги мектептерде кадимки режимде окууну жандандырууга уруксат берген жок.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандагы мектептерди дезинфекциялоого 185 миллион сом бөлүндү. Маалым болгондой, биринчи чейректе окуучулар мектепке барбагандыктан, алардын тамак-ашына бөлүнгөн сумма мектептерди дезинфекциялоого жумшалмакчы.