Эртең, 31-августта борбордук «Ала-Тоо» аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат, буга байланыштуу борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулат. Ошентип, майрам күндөрү муниципалдык автобустар түнкү саат 02:00гө чейин каттайт.
Төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:
- Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Мындан тышкары, Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.








